Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Нооруз майрамы жекшемби күнгө туш келгендиктен эс алуу күнү 22-мартка жылдырылат. Өлкөдө 20-21-22-март күндөрү эс алуу болот.