16:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Кумтөр»: 2020-жылдын IV чейрегинин жана жалпы 2020-жылдын жыйынтыктары

Негизги өндүрүштүк жана финансылык жыйынтыктар


2020-жылы «Кумтөр» кенинде алтын өндүрүүнүн көлөмү мурда даярдалган руданын кампадагы запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен 556 136 унций же 17 297,76 кг түздү. Салыштыруу үчүн: 2019-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 600 201 унцияны же 18 668,35 кг түзгөн.  Алтынды өндүрүү көлөмүнүн төмөндөшү, ириде фабрикага жеткирилүүчү рудада алтындын курамы азыраак, ошондой эле рудадан алтынды ылгап алуунун коэффициентинин төмөндөшүнө байланышкан. 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде фабрикага 81,4% ылгоо көлөмүндөгү 3,27 г/т орточо курамы менен руда берилген, мурунку жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,69 г/т жана 83,5%ды түзгөн.

2020-жылдын төртүнчү чейрегинде алтын өндүрүүнүн көлөмү мурда даярдалган руданын кампа запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен 90 4024 унций, 2019-жылдын ушул эле мезгилинде ал 148 523 унцийди түзгөн. Алтынды өндүрүүнүн көлөмүндөгү көрсөтүлгөн төмөндөө фабрикага жеткирилген кампа рудасындагы алтындын орточо төмөн курамы менен, ошондой эле рудадан металлды ылгоо коэффициентинин төмөндөгөнүнө байланыштуу. 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде кен фабрикасына жеткирилүүчү алтындын курамы орточо 74,2% алтын ылгоо көлөмүндөгү 2,11 г/т түзгөн, 2019-жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,79 г/т жана 85,3% түзгөн.

2020-жылы мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 15,3 миллиард сом которулду.

“Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндөгү 2009-жылдын 6-июнундагы Кайрадан каралып чыккан макулдашууга ылайык “Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” ААК тарабынан сатылып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз гана “Кыргызалтын” ААКы ээ.

COVID-19га байланыштуу кырдаал

"Кумтөр" кендин аймагында COVID-19 вирусунун жайылышына жол бербөө максатында чектөөчү жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнү улантууда. Мурда кабарлангандай, компания Кыргыз Республикасындагы коронавирустук инфекция жана башка оорулардан улам эмгек жамааттын  айрым кызматкерлери жумушка келе албай жатканын белгилеген. Булардын кесепетинен июль айындагы тоо иштеринин ачылышы толук көлөмдө жүргүзүлгөн эмес, бирок сентябрь айында компания толук түрдө ишин уланта баштады. АЫФ боюнча айта турган болсок, ал жыл бою толук кубаттуулукта иштеди.

Лысый суу өрөөнүндөгү тоо-тек үймөгүнө байланыштуу кырдаал

2020-жылдын июль айында лысый суу өрөөнүн бош тек үймөктөрүн жайгаштыруу үчүн орун катары андан ары пайдаланууга уруксат алды. Жакынкы эки жылда Лысый суу өрөөнүндөгү тоо-тек үймөгү № 20 иш зонасына жакындыгынан улам кендин негизги үймөгү болот. Лысый суу өрөөнүндөгү бош текти жайгаштыруунун жаңы планы боюнча бош тек алгач өрөөндүн этегине жайгаштырылат жана бош тек өрөөндүн жантайышы боюнча жайгашып, бул алгачкы мезгилдерде бош текти ташуунун каттамын бир кыйла узартат.

2021-жылга “Кумтөр” кени боюнча техникалык отчет жөнүндө

2021-жылдын февралында Компания тарабынан 2020-жылдын 1-июлунда түзүлгөн (2021-жылга “Кумтөр” кенинин техникалык отчету) чыкты, анда кенди пайдалануу мөөнөтү 2031-жылга чейин беш жылга узартылат, ал эми алтындын запасы 107 пайызга рудада 6,3 млн унций алтынга чейин жогорулады (73,3 млн тонна алтындын орточо курамында 2,66 г/т бир унцийге 1350 АКШ доллары эсебинен) жогорулады.

“Кумтөр” кенинин 2021-жылга техникалоык отчету 2015-жылдагы Техникалык отчеттун түзөтүүсүн камтыйт, анын ичинде акыркы жылдары жүргүзүлгөн бургулоо мейкиндигинин кеңейишине байланыштуу созулушу боюнча кеңири бургулоо иштеринин негизинде кайра каралган минералдык запастардын моделин камтыйт. “Кумтөр” кенинин 2021-жылга техникалык отчетунда алтындын баасына карата мурунку болжолдор, борттордун жантайма бурчтары, капиталдык сарптоолордун жана операциялык чыгымдардын өлчөмү, ошондой эле металлдын өндүрүштү өркүндөтүүнүн натыйжасында АЫФ чыгуусу кайра каралды. Ушул түзөтүүлөрдүн жыйынтыгында отчетте минералдык ресурстар жана запастардын көлөмү боюнча жаңыртылган маалыматтар берилди. Көрсөтүлгөн техникалык отчет National Instrument 43-101 «Тоо-кен долбоору боюнча маалыматтарды жайгаштыруу стандарттары» (“NI 43-101”) жана SEDAR издөө системасында жайгаштырылган.

2019-жылдын 31-декабрына карата запастардын көлөмү жөнүндө билдирүүдө запастардын көбөйүүсү 2020-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген “Кумтөр” кенинин жаңы Техникалык отчетун салыштыруу жолу менен өндүрүлгөн (2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилде запастардын түгөнүүсү боюнча маалыматтар аз).

“Кумтөрдүн” негизги өндүрүштүк жана финансылык жыйынтыктары


(Башкасы көрсөтүлбөсө,  млн АКШ доллары менен)3

Чейректин аягы, 31-декабрга

Жылдын аягы, 31-декабрга

Финансыдагы негизгилер:

2020

2019

% Өзгөрүү

2020

2019

% Өзгөрүү

Киреше

$

178,1

$

200,5

     (11%) $

981,6

$

827,5

19%

Өндүрүштүк чыгашалар

 

42,4

49,6

     (15%)

194,8

228,6

(15%)

Активдердин эскирүүсү, начардануусу жана амортизациясы

 

38,5

46,6

     (17%)

209,5

181,3

16%

Өндүрүштүк иш токтоо учурундагы чыгашалар

 

-

9,1

     100%

6,7

9,1

100%

Кенди иштетүүдөн келип түшкөн криешелер

$

97,2

$

95,2

         2% $

570,6

$

408,5

40%

Дүң кирешеге салыктар

 

25,2

28,3

    (11%)

138,5

116,4

19%

Геологиялык чалгындоо жана кен казуучу жайды иштетүү чыгымдары

 

5,5

4,3

     28%

15,9

11,3

41%

Учурдагы башка жумшоолор

 

2,8

7,6

    (63%)

21,8

23,9

 (9%)

Операциядан түшкөн кирешелер

$

63,7

$

55,0

       16% $

394,4

$

256,9

54%

 

 

 

 

 

Кендеги операциялардын болушу

97,6

149,1

     (35%)

660,6

376,3

76%

Жүгүртүү каражаттарындагы өзгөрүүлөргө чейин кендеги операциялардын болушу

102,6

107,1

      (4%)

609,3

385,1

58%

Операциялык ишмердиктин көрсөткүчтөрү:

28,1

104,3

    (73%)

437,9

240,1

82%

 

 

 

 

 

Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна)

 

 

 

 

 

Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна)

42 733

28 565

       50%

103 735

156 439

(34%)

Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң  тонна)

115

1 716

     (93%)

705

10 970

(94%

 

1 - Маалымат үчүн: троялык унций = 31,10348 грамм.

2 - Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.

3 - Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн

4 - Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт жана Центерранын 2020-жылдын 4-ноябрындагы пресс-релизинде “Non-GAAP Measures” бөлүмүндө баяндалат

5 - Финансылык көрсөткүчтөр «Центерранын» 2021-жылдын 24-февралындагы пресс-релизине негизделген.

6 - Металлургиялык ылгап алуулар өндүрүлгөн алтынга эмес ылгап алынган алтынга негизделген.

7 - Капиталдык жумшоолор жөнүндө маалыматтар акчалай түрдө келтирилген.

8 - Өндүрүштү модернизациялоого тиешеси жок капиталдык жумшоолор, кендин таза келтирилген баасын жогорулатууну камсыз кылууга арналган өзүнчө долбоорлор менен байланышкан. Быйылкы жылы мындай капиталдык жумшоолор №20 иш участогу менен байланышкан кошумча чыгымдарды өзүнө камтыган.

Өндүрүштүк ишмердик

2020-жылы Кумтөр №19 иш участогунда тоо иштерин аяктап, №20 иш зонасында кыртыш ачуу жана музду башка жакка жайгаштыруу иштери улантылды. Тоо-кен иштеринин жалпы көлөмү 103,7 млн тоннаны түздү, бул 2019-жылдын ошол эле мезгилинде 156,4 млн тоннаны түзгөн.  Көрсөтүлгөн кыскаруу  2019-жылдын декабрь айынан 2020-жылдын сентябрь айынын ортосуна чейин Лысый суу өрөөнүндөгү тоо-тек үймөгүнүн Борбордук өрөөнгө көчүрүлгөнүнөн улам жайгашкан жери өзгөргөндүгүнө байланыштуу ташуулардын каттамы узарганына, ошондой эле жумушчу күчтөрдүн санынын кыскарган себеби боюнча техникаларды пайдалануу коэффициентинин төмөндөшүнө (негизгиси КОВИД-19 пандемиясына) байланыштуу.  2020-жылы ылгап алынган 103,7 млн тоннанын ичинен 101,6 млн тонна №20 иш зонанын келечеги үчүн ишке ашуучу бош тек кыртышын ачуу түрүндө капиталдыштырылды.

2020-жылдын төртүнчү чейрегинде Кумтөр № 20 иш зонасында тоо иштерин улантты. Төртүнчү чейректе иштин жалпы көлөмү 42,7  млн тоннаны түздү. Салыштыруу үчүн: бул 2019-жылдын ошол эле мезгилинде 28,6 млн тоннаны түзгөн.  Көлөмдүн мындай көбөйүүсү 2019-жылдын декабрь айындагы Лысый өрөөнүндөгү кырсыктан улам тоо иштеринин токтоп калганына байланыштуу. 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде ылгап алынган 42,7 млн тонна №20 иш зонанын келечеги үчүн ишке ашуучу бош тек кыртышын ачуу түрүндө капиталдыштырылды.

Алтын өндүрүүнүн өздүк наркы 2020-жылы алтындын бир унциясы 342 долларга барабар болду, бул көрсөткүч 2019-жылы бир унциясына 381 долларды түзгөн эле. Өздүк наркынын төмөндөшү негизинен рудадагы алтындын төмөндөшү жана андан алынчу алтындын пайыздык өлчөмүнүн азайганынан улам руданын фабрикалык кайра иштетүүсүнүн көлөмүнүн азайышына байланыштуу болду.

2020-жылдын төртүнчү чейрегинде алтын өндүрүүнүн өздүк наркы унциясына 439 долларга барабар болду, бул көрсөткүч 2019-жылы унциясына 363 долларды түзгөн эле. Өздүк нарктын өсүшү негизинен металлды сатуунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу болду.

Тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чыгымдар

2020-жылдын тоннага кайра эсептегенде 1,52 долларды түздү, ошол эле көрсөткүч 2019-жылдын төртүнчү  чейрегинде 1,26 долларды түзгөн. Кымбаттоо ылгап алынган кыртыш көлөмүнүн аздыгына жана ташуу каттамынын узарышына байланыштуу болгон. Тоо иштеринин өздүк наркынын өсүшү биринчи кезекте тоо иштеринин көлөмүнүн кыскарышына байланыштуу, бирок дизель майына тарифтердин төмөндөшү жана алмашуучу валюталык курстун жакшы динамикасы менен аз-аздап компенсацияланды.

2020-жылдын төртүнчү чейрегинде тоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдар тоннасына 1,23 долларды түздү, өткөн жылдын ушул эле чейрегинде ал тоннасына 1,50 долларды түзгөн. Азаюу ылгап алынган кыртыштын көлөмүнүн көбөйүшү жана дизель майына тарифтердин төмөндөшүнө байланыштуу болгон. 52,4 млн долларды түзгөн тоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын жалпы суммасынан, 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде 48,1 млн доллар капиталдаштырылды. Салыштыруу үчүн: 2019-жылдын ушул эле төртүнчү  чейрегинде цифра 42,8 млн долларды түзүп, алардын ичинен 28,2 млн доллар капиталдаштырылды.  

Фабрикалык жумшоолорго чыгымдар (сырьенун тоннасына эсептегенде)


2020-жылы фабрикалык жумшоолорго чыгымдар тоннасына 10,97 долларды түздү, 2019-жылы бул көрсөткүч 12.00 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн төмөндөө сырьену кайра иштетүү көлөмүнүн жогорулашына жана COVID-19 пандемиясынын шартында техникалык тейлөө боюнча иштердин кыскарганына байланыштуу чыгымдардын азайганынан улам болду.

2020-жылдын төртүнчү чейрегинде фабрикалык жумшоолорго чыгымдар тоннасына 10,87 долларды түздү, 2019-жылдын төртүнчү чейрегинде бул көрсөткүч 13.48 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн төмөндөө сырьену кайра иштетүү көлөмүнүн жогорулашына жана техникалык тейлөө боюнча иштердин кыскарганына байланыштуу чыгымдардын азайганынан улам болду.

Өндүрүштү модернизациялоого жыйынды жана жалпы жумшоолор


Кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор  сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде (дүң киреше салыгын кошпогондо), 2020-жылы 741 долларды түздү, 2019-жылы 598 долларды түзгөн. Белгиленген көбөйүү негизинен сатылган продукциянын көлөмүнүн төмөндөшүнө жана кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну жогорулашына, тоо иштеринин көлөмүн кеңейтүү максатында он бир жүк ташуучу унааларды сатып алуу көлөмүнүн кыскарышына, ошондой эле Стратегиялык макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасындагы бир катар аймактык фонддорго чегерүүлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу болгон. Жыйынды чыгымдардын мындай көбөйүүсү  көпчүлүк учурда өндүрүштүн өздүк наркынын төмөндөшү менен теңделген.

Кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч дүң киреше салыгын кошкондо бир унцийге 1 042 доллар болду, өткөн жылы бул унциясына 838 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн кымбаттоо кошумча өндүрүмдүн негизинде өндүрүштү модернизациялоого жыйынды чыгымдардын көбөйүшүнө, ошондой эле алтынга болгон баанын өсүшүнө байланыштуу дүң киреше салыгынын компания тарабынан төлөөнүн жогорулашына байланыштуу болду.

Кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор  сатып өткөрүлгөн продукциянын унцийне кайра эсептегенде (дүң киреше салыгын кошпогондо), 2020-жылдын төртүнчү  чейрегинде унциясына  1 131 долларды түздү, 2019-жылдын төртүнчү  чейрегинде болсо бир унцияга 657 долларды түзгөн. Белгиленген көбөйүү негизинен сатылган продукциянын көлөмүнүн төмөндөшүнө жана кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну жогорулашына, негизги көңүл № 20 иш зонасындагы кыртыш ачуу иштерине бөлүнгөндүгүнө жана жүк ташуучу унаалардын паркын модификациялоо жана  кеңейтүүгө байланышкан. Мындай көбөйүү  өндүрүштүн өздүк наркынын төмөндөшү менен теңделген.

 Кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде бир унцийге 1545 долларды түздү, 2019-жылы ушул эле чейректе унцияга 916 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн кымбаттоо кошумча өндүрүмдүн негизинде өндүрүштү модернизациялоого жыйынды чыгымдардын көбөйүшүнө, тоо иштеринин көлөмүнүн көбөйүп жаткан муктаждыгын канааттандыруудан улам болду.  

2020-жылдын он эки айында Кумтөр тарабынан жүргүзүлгөн салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө чегерүүлөр

Төлөмдүн түрү (АКШ доллары менен)

1-чейрек

2-чейрек

3-чейрек

4-чейрек

Бардыгы

Дүң кирешеге салык

16 181 004

37 600 713

33 802 415

36 465 976

124 050 109

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым

2 279 527

2 892 363

2 600 186

2 340 780

10 112 856

Жаратылышты өнүктүрүү фондуна салым

-

-

-

3 700 000

 3 700 000

Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна төлөм

9 911 811

1 156 945

6 040 074

936 312

18 045 142

Онкологиялык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү фондуна салым

 

 

 

3 000 000

3 000 000

Экологиялык төлөм

310 000

 -  

-

 -  

310 000

Центерра тарабынан төлөнгөн дивиденттер

-

4 253 296

2 814 071

2 859 375

9 926 742

Бардыгы

28 682 342

45 903 317

45 256 746

49 302 443

169 144 848

Чейректин аягына КР сомуна карата АКШ долларынын расмий курсу

80,8100

75,9887

79,6000

82,6498

 

КР сому менен аткарылган төлөмдөрдүн бардык суммалараынны эквиваленти

2 317 820,07

3 488 133,4

3 602 437,0

4 074 837,0

13 483 227,48

Эскертме: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат. Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна тɵлɵмдɵр Кыргыз Республикасынын Өкмɵтү, «Центерра Голд Инк» жана КГК ортосунда 2017-жылдын 7-сентябрда түзүлгɵн Стратегиялык келишимине ылайык жана 2019-жылдын 8-июлунда каралган Кошумча тɵлɵмдɵрдү эске алуу менен жүргүзүлɵт.  

Төлөмдүн түрү (кыргыз сому менен)

1-чейрек

2-чейрек

3-чейрек

4-чейрек

Бардыгы

Кызматкерлердин кирешесине салык

80 421 670

80 754 907

61 070 684

71 178 160

293 425 421

КР Социалдык фондуна төлөмдөр

395 248 617

363 157 719

287 528 714

348 337 575

1 394 272 625

Бажы төлөмдөрү

6 262 000

6 306 000

7 498 678

4 516 000

24 582 678

Резидент эместердин кирешесине салык

6 161 109

16 178 339

3 326 086

6 289 938

31 955 472

Башка салыктар жана милдеттүү которуулар

12 614 470

11 787 319

14 343 685

16 791 561

55 537 036

Бардыгы

500 707 866

478 184 284

373 767 847

447 113 234

1 799 773,231

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн төлөмдөр


Кыргыз республикасынын аймагында 2020-жылы жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн (салык, аффинаж ччыгымдары, жергиликтүү жабдуучуларга төлөмдөр, инфраструктураны колдоо, кайрымдуулук ж.б.) суммасы 344 680 млн АКШ долларынан ашты. Ошентип, Кыргыз Республикасынын аймагында  1994-2020-жж. Мезгилинде жүргүзүлгөн чегерүүлөр, 4,48 млрд АКШ долларынан ашты. 

АКШ доллары менен

2020 год

1994-2020 гг.

Салыктар, бажы алымдары жана башка милдеттүү төлөмдөр

132,986

1 440,667

Соцфонд

18,091

249,771

 
Эң көп окулган жаңылыктар