USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Өзбекстанда эмдөөдөн өткөн жарандарга сертификаттар берилет

09:30, 12 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандарга сертификат берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу 10-мартта өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Баходир Юсупалиев Ташкенттеги брифингде билдирди.

«Бүгүнкү күндө эмдөө иштерине жана вакцина сатып алууга даярдыктар жүрүп жатат. 10 миңден ашык медайым жана 33 миңден көп дарыгер даярдалууда. Эмдөөдөн өткөндөрдү электрондук каттоого алуу боюнча иштер аткарылууда. Бул үчүн emlash.uz. сайты ачылды. Аларга эмделгени тууралуу сертификаттар берилет», — деди Юсупалиев.

Ал Өзбекстанда күнүнө 20-40 кишиден коронавирус аныкталып жатканын, акыркы 3-4 жумадан бери бул көрсөткүч төмөндөгөнүн кошумчалады.

Буга чейин Кытай чет өлкөгө чыгууну каалаган жарандарына эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификат бере баштаганы кабарланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика