09:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Анжиянда президенттин сапарынын алдында дубалдар сырдалып, жолдор оңдолууда

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев бир нече маалеге күтүүсүз баргандан кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз аймактарындагы маалелерди оңдой башташты.

Анжиян облусундагы шаарлар менен айылдарда президенттин ыктымал сапарынын алдында шашылыш түрдө жолдор оңдолуп, дубалдар сырдалууда. Облус башчысынын буйругу менен бул иштерге бюджеттик кызматкерлер тартылып, каражат мамлекеттик мекемелер менен банктардан алынууда.

Айрым маалыматтарга караганда, Мирзиёев Анжиян облусуна боло турган сапарынын алкагында Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Азырынча президенттин бул аймакка сапары качан болору расмий кабарлана элек.

Акыркы кездери Шавкат Мирзиёев бир нече жолу облустардагы маалелерге күтүүсүз барып, конуштардын абалын сынга алган.

Эң көп окулган жаңылыктар