12:52
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ӨКМ калкты маалымдоо тутумун жандандырмакчы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарландыруу жана маалымдоо тутумун жандандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде 10-11-март күндөрү кабарландыруу жана маалымдоо тутумунун даярдыгын текшерүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.

Бул иш-чаралар төмөндөгү элементтерди камтыйт: теле жана радио түйүндөрүндө «Эфирди үзүп берүү» жолу менен, сиреналарды жана калкты үн менен кабарлоо тутуму.

Коомдук коопсуздуктун керектүү деңгээлин камсыз кылуунун негизги шарттарынын бири болуп, өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жана келип чыгышы жөнүндө калкты жана мамлекеттик органдарды маалымдоону натыйжалуу уюштуруу, түзүү жана иштетүү болуп эсептелет.

Кабарландыруу тутумунун максаты — өз убагында калкка жана башкаруу органдарына коркунуч же өзгөчө кырдаал пайда болгон шартта тиешелүү сигналдарды жана маалыматтарды жеткирүүнү камсыз кылуу болуп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар