15:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга барат

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга 11-12-мартта барат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 4-марттагы басма сөз жыйында кабарлады.

Анын айтымында, акыркы күндөрү Жапаровду бир топ өлкөлөрдүн лидерлери чакырды.

Өзбекстандагы сапарынан кийин ал Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытайга барары күтүлүп жатат.

Министр президенттин Ташкентке сапары кандай багытта экенин жана анда эмне маселелер караларын тактаган жок. ТИМ буга чейин Садыр Жапаровдун кийинки расмий сапары Өзбекстанга мерчемделип жатканын билдирген.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров февралда чет өлкөдөгү алгачкы расмий сапарын Орусиядан баштаган.

2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып келди.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби