05:26
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Кумтөр» берген миллион долларлар максатсыз сарпталды

2019-жылы Кумтөр кени боюнча түзүлгөн жаңы келишимге ылайык эки фонд түзүлүп, ага Centerra Gold 67 миллион доллар акча которду. Акчанын көп бөлүгү экологияны коргоого жумшалышы керек болчу. Бирок, чыгымдар боюнча отчет жок, анткени, эч кандай иш-чара өткөрүлгөн эмес. Акча өкмөттүн эсебине түшүшү менен экология унутта калды.

Аймактарды өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо

Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттү жетектеши менен «Кумтөр» боюнча келишим шашылыш карала баштады. Канадалык өнөктөш менен сүйлөшүүлөр узакка созулуп, 2019-жылдын августь айында акыры бир бүтүмгө келишти.

Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоо 63 миллион долларга көбөйдү.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык өнөктөштүк боюнча эки фонд түзүлдү. Centerra биринчисине 50 миллион доллар которуп, кийин кен иштеп бүткөнчө жыл сайын 3,7 миллион доллар бөлүп турмак. Ошондо «Кумтөр» Кыргызстандын экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө 61,1 миллион доллар бөлдү.

Фонддун бири Улукбек Арстанбаев, экинчисин мурдакы финансы министри Адылбек Касымалиев башкарды. Кызыгы экөөнүн тең кеңсеси Чүй көчөсүнүн 106ынчы дарегинде жайгашты. Ал Экономика министрлигинин имараты.

Бирөөнүн эсебинен курулган ооруканалар

Аймактарды өнүктүруү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун ишмердигине байланышкан маалымат жокко эсе. Маалыматтарда 2019-жылы Centerra 5,6 миллион доллар которгону айтылат. 2020-жылдын март айында 9,9 миллион доллар фонддун эсебине түшкөндүгү белгиленет. «Кумтор Голд Компани» жыл сайын өндүрүмдүн 0,4 пайызын, же 190 миллион сом бөлүп турушу керек болчу.

Фонддун жетекчиси Адылбек Касымалиев акча атайын комиссиянын чечими менен сарпталары айтылат. Жаңы жумуш орун түзүү, өндүрүш, айрыкча алыскы аймактарга багытталган инвестициялык долбоорлорго артыкчылык берилери маалымдалат. Фонд расмий түрдө 2020-жылдын февраль айында гана катталып, андан аркы иш аракети белгисиз.

Кыргызстанга COVID-19 жайылып, оорукана куруу зарыл болду.

Фонддун байкоочу кеңеши акчаны оорукананын курулушуна бөлүү чечимин кабыл алат. Ошол акчага аймактарда ооруканалар курулуп баштайт.

Ага фонд 319,6 миллион сом бөлөт. Ага 14 саламаттыкты сактоо мекемеси курулат.

Экология дагы, акча дагы жок

«Кумтөр» бөлгөн акчанын канча пайызы коротулганын аныктоого мүмкүн болгон жок. Социалдык өнөктөштүк фонду анча-мынча иштесе, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында баары татаал. 2019-жылдын октябрь айында экологиялык долбоор жана программаларды тандоо боюнча сынак жарыялаган. Ал фонд тарабынан каржыланмак.

Биздин колубузга «Кумтор Голд Компании» ишканасынан которулган акчаларды бөлүштүрүү боюнча жобо түштү. Анда эки фонд тең акчасын Финансы министрлигинин Улуттук банктагы эсебине которуусу каралган.

Финансы министрлиги 24.kg агенттигине Айлана-чөйрөнү өнүктүрүү фондуна 60,6 миллион доллар, Аймактарды өнүктүрүү үчүн социалдык өнөктөштүк фондуна 4,5 миллион которулганын ырастады.

Ал акчалар Борбордук казначействонун эсебине өткөн.

Социалдык өнөктөштүк фондунан 11,2 миллион доллар бюджетке бөлүнгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар