Толкун Камчыбекова өкмөттүк аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийешелүү жарлыкка премьер-министр Улукбек Марипов 3-мартта кол койду.
Толкун Камчыбекова буга чейин «Кыргыз алтын» мамлекеттик ишканасында басма сөз катчысы болуп иштеген.
Ал эми өкмөттүк аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмүн буга чейин Бакыт Рысалиев жетектеп келген.