19:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Лейлекте күйүүчү майга болгон тартыштыкты жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө

Лейлек районунда күйүүчү майга болгон тартыштыкты жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Обладминистрация акыркы суткада бензинге тартыштык жаралгандыгын белгилейт.

«Ага Бишкек шаарынан күйүүчү майдын аз өлчөмдө келип жаткандыгы себеп болууда. Азыркы учурда Бишкек шаарынан Исфана жана Сүлүктү шаарына күйүүчү май келе жаткандыгын маалымдайбыз. Бүгүн 1-март саат 13:00гө Лейлек районунда 142миң 317л. 92 маркасындагы бензин, 6100л. 95 маркасындагы, 39миң 685л 80 маркасындагы бензиндин, 767миң 219 л солярканын запасы бар экени такталды», — деп айтылат маалыматта.

Райондогу 42 автозаправканын баарында солярка сатылып жатканы белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар