15:49
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Исфана күйүүчү май жок бир топ бекеттер жабык турат

Исфана күйүүчү май жок бир топ бекеттер жабык турат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын маалыматында, бир эле автозаправка иштеп жатат. Анын алдында автоунаалардын узун кезеги түзүлдү. 

Бензин баасы 44-45 сомго чейин жетти. 

«Ошол эле учурда күнүгө Тажикстанга 20-25 бензовоз өтүп жатат. Контрабанда качан токтойт? Аны токтотуп, чек арадагы райондорду күйүүчү май менен камсыз кылышсын», — дейт шаар тургундары.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби