05:38
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Түркиянын Анкара шаарында Манастын эстелиги орнотулат

Түркиянын Анкара шаарында Манастын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Анкаранын эң ири району Кечиөрен муниципалитетинин алдына Манастын айкелин тургузууну элчилик аталган райондун жетекчилиги менен макулдашкан. Кечиөрен муниципалитети айкел тургузула турган жерди даярдап, айкелдин постаментин жасоо милдетин алган. Ал эми айкелдин өзү Бишкекте кыргыз тараптан жасалат.

Айкелди жасоо үчүн Түркиядагы кыргыз диаспорасы арасында акча чогултулганы маалымдалат.

Эң көп окулган жаңылыктар