«Кумтөр» компаниясынын ишин текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык топтун бүгүн биринчи жыйыны өттү. Ага журналисттер чакырылган жок.
Жыйында төрагалыкка депутат Акылбек Жапаров шайланды.
Белгилей кетсек, депутаттык топ 17-февралда түзүлгөн. Анын курамына 12 эл өкүлү кирди.
Парламент компаниянын ишмердүүлүгүн текшерип чыкмакчы.