04:23
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Өкмөт балдар арасында пневмониянын күчөшүнө кабатыр

Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков балдардын пневмония оорусуна чалдыгуусуна байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Артем Новиков белгилегендей, балдардын пневмония, курч респиратордук вирустук инфекция жана Кавасаки синдрому менен оорусуна байланыштуу түзүлүп жаткан кырдаал коомчулукта кооптонууну пайда кылууда.

Ал тийиштүү органдардын 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлгө алуу боюнча иш-чаралар планы жоктугун сынга алды.

«14 жашка чейинки балдардын бирдиктүү маалыматтык медициналык базасын түзүү жана курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын күнүмдүк эсебин жүргүзүү зарыл. Бардык билим берүү мекемелери, менчик формасынан көзкарандысыз түрдө ар бир бала боюнча үзгүлтүксүз маалымат берип туруусу керек. Учурда мектепке чейинки мекемелер жана мектептер чектелген форматта иш алып барууда. COVID-19 пандемиясынын учурунда салттуу окуу процессинин балдардын ден-соолугуна тийгизген таасирин талдоосуз, мекемелердин ишин толук кандуу жандандыруу тууралуу айта албайбыз», - деди Артем Новиков. 

Биринчи вице-премьер-министр жыйынтыктагандай, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана мектептерде профилактикалык кароолор тутумдуу негизде жүргүзүлүшү керек. Натыйжада, келерки жумадан тарта аталган практика ар бир билим берүү мекемесинде медициналык персоналдын кезметин уюштуруу менен ишке киргизилиши тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби