17:46
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда быйыл эт бир пайызга көп өндүрүлдү

Быйыл былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көп өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыл башынан бери өлкөдө 30,2 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул көрсөткүч мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир пайызга көп. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 35 миң башка көбөйүп, жалпы 1 715,7 башты түзсө, кой жана эчкинин саны 11,9 миң башка көбөйүп, 6 278,7 башты түздү жана жылкынын саны 17 миң башка көбөйүп, 539,6 миң башты түздү. Ал эми чочколордун саны 5,2 миң башка азайып, жалпы саны 29,4 миң башты түзсө, үй канаттуулардын саны 140,7 миң башка азайып, 6 070,4 башты түздү.

Белгилей кетчү нерсе, 2021-жылдын январь айында республиканын бардык облустарында эт көбүрөөк өндүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар