20:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда халал эт-паркын ачуу боюнча иш жүрүүдө

Кыргызстанда халал эт-паркын ачуу боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, халал эт-паркынын бул парктын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн, техникалык жардамга грант тартуу аракети көрүлүүдө.

«2019-жылы Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам да кабыл алынган. Макулдашуулардын негизги максаты — Кыргызстанда эл аралык стандарттарга шайкеш келген халал эт-паркынын курулушу үчүн техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо болуп саналат», — дейт министрлик.

Аталган келишимден 380 миң доллар өлчөмүндө техникалык жардамды Кыргызстанга кайтарып берилбей турган негизде тартуу да каралган. Мунун 280 миң долларын Ислам өнүктүрүү банкы, 100 миң долларын жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясы, ал эми долбоорду иштеп чыгууга кыргыз тарап 50 миң долларлык салымын кошот.

Министрликтин маалыматында, халал-паркында этти жана эт продукцияларын, ошондой эле сүт продукцияларын (сүт, сыр, быштак) иштеп чыгарылат. 

Эң көп окулган жаңылыктар