12:59
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкек шаардык соту Мухаммедкалый Абылгазиевди камакта калтырды

Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Данияр Эркимбаев билдирди.

Эске салсак, Абылгазиев 26-январь күнү сурактан кийин кармалган. Ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жатат. УКМКнын маалыматына караганда, Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума