15:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Камчыбек Жолдошбаев Lexus 570 унаасы менен таксини сүзүп алды

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин Lexus 570 унаасы айдоочусу таксини сүзүп алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-январь күнү эртең менен депутаттын унаасы Чокморов көчөсүндө үйдүн короосунан чыгып бара жаткан унааны сүзүп алган.

Жүргүнчү ордунда олтурган Камчыбек Жолдошбаев күбөлүгүн жана ортоңчу колун көрсөтүп, кырсык болгон жерден кетип калган. Анын айдоочусу бир аздан кийин кайра келип, «102» номуруна чалган. Эки унаа тең атайын унаа токтоочу жайга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума