20:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Авиациялык комиссия кырсыктаган тик учактын себебин иликтөөдөн баш тартты

Мамлекеттер аралык авиациялык комиссия Кыргызстандын тоосунда тик учактын кырсыктаган себебин иликтөөдөн баш тартты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булактар билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин Аскер прокуратурасы кырсыкты иликтөөгө жардам берүү өтүнүчү менен аталган комиссияга кайрылган. Бирок, ведомствого жок деген жооп келген.

Башкы штабдын маалымат менен камсыздандыруу башкармалыгынын башчысы Гүлзат Жарашева менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. 

Эске салсак, 9-июлда тик учак радардан жоголуп кеткен. Башкы штабдын маалыматына таянсак, куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан маалда катуу шамал болуп, тик учак капталынан кулап калган. Кырсыктын кесепетинен 6 киши жаракат алышкан. Учак жарактан чыккандыгына байланыштуу, ал тоо боорунда калган.

Эң көп окулган жаңылыктар