21:42
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Финпол авиабилеттердин негизсиз кымбатташын текшерет

Финансы полициясы авиабилеттердин баасын негизсиз кымбаттаткан фактыларды аныктоо иштерин жүргүзө баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү алкагында Финполдун кызматкерлери борбор калаадагы авиакассалардын биринен кызматтык иликтөө жасаш үчүн Бишкек — Москва багыты боюнча 67 800 сомго авиабилет сатып алышкан.

«Жыйынтыгында билет баасы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталган. Алар суроо-талаптын жогору болушунан пайдаланып, авиабилеттердин баасын мыйзамсыз түрдө кымбаттатканы айтылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды. Азыркы тапта республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатканы белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума