20:10
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бир аптанын ичинде бадыраң 41,4 пайызга кымбаттады

Бир аптанын ичинде помидор 20,5 пайызга, ал эми бадыраң 41,4 пайызга кымбаттай түштү. Бул тууралуу 2020-жылдын 21-октябрынан 28-октябрына чейин жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, картөшкө, сабиз, пияз, капуста жана сарымсак да бир аз кымбаттаган.

Ал эми жергиликтүү алма тескерисинче 6,8 пайызга арзандады. Сырттан алынып келген алманын баасы болсо 1,2 пайызга жогорулады.

Эң көп окулган жаңылыктар