23:47
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда быйыл бензиндин баасы дагы төрт сомго кымбаттайт

Кыргызстанда быйыл күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы көтөрүлөт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов 20-январда басма сөз жыйынында билдирди.

Ага ылайык, ушул жылы бензин төрт сомго, ал эми дизель алты сомго кымбаттайт. Эшатов муну Орусияда күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп жатканы менен негиздеди.

Мындан бир ай мурун Орусия 2022-жылы бажы алымы жок Кыргызстанга 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизель отунун берери маалым болгон. Былтыр Москва Бишкекке 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизель майын жиберген.

Кыргызстан жылына 1 млн. тоннадан ашык күйүүчү май керектейт. Өлкө мунайга дээрлик Орусиядан көз каранды.

Буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы алдыда күйүүчү майдын баасы дагы жогорулашы мүмкүн экенин эскерткен.

Бишкек шаарында Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 58-59 сомдон сатылып жатса, алыскы аймактарда мындан бир топ кымбаттады.

Эң көп окулган жаңылыктар