07:51
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Дагы бир судьяга карата мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш ишин козгоду

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку соттун судьясына мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Коопсуздук кызматы судьянын аты-жөнүн ачыктабастан, Б.Д.С. инициалдарын гана берип, ал Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштери боюнча соттук коллегиясынын судьясы болуп иштеп турганын кабарлайт.

«Судья бир канча мүлккө ээлик кылганы менен аны киреше-чыгашасы тууралуу декларациясында көрсөткөн эмес. Анын 20 элиталык турак жайы, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаты жана люкс класстагы бир канча автоунаасы болгон. Кылмыштуу жол аркылуу алган мүлкүн жашыруу максатында мамлекеттик органдарга сатып алуу келишимин каттаган эмес. Кээ бир учурда киреше булагы тастыкталбаган ортомчу адамдардын наамына каттатып койгон», — деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар Б.Д.С. жакын туугандары (үй-бүлөсү) менен Бириккен Араб Эмирлиги, Түркия, Азия, Европа жана АКШнын курорттук зоналарына тынымсыз барып турганы аныкталган. УКМК саякаттоого дагы олуттуу каражат керектелерин белгилеп, бул судьянын мыйзамсыз түрдө киреше табарынан кабар берерин айтат.

Азыркы тапта Жазык кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Учурда тергөөнүн алкагында судьянын декларацияланбаган активдерин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмыш ишинин материалдары Башкы прокуратурага жиберилери айтылат. Алар судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына сунуштама жиберет.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун сайтындагы маалыматка ылайык, УКМК берген инициалдарга судья Боронбаева Дильфуза Салимовна туура келет.

Эң көп окулган жаңылыктар