23:15
USD 86.50
EUR 90.34
RUB 0.85

«Бозымчак» кениндеги кырдаал. Мамлекеттин алсыздыгы элдерди жумушсуз калтырууда

Акыркы күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында тынбай айтылып жаткан кен боюнча катардагы кыргызстандык буга чейин укпаса дагы керек. Бирок, тилекке каршы «Бозымчак» кенине байланыштуу акыркы жаңылыктар көңүл жылытарлык эмес: рейдерлик, жергиликтүү тургундар тарабынан кысым, жумуштан алуу.

Өндүрүштү токтотуу

Жалал-Абад облусунда жайгашкан «Бозымчак» кенинин 200 кызматкери жума күнү, 11-декабрда Бишкек шаарында өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Ишканада жалпысынан миңге жакыгн адам иштейт. Алар иштөөгө жана үй-бүлөсүн багууга уруксат талап кылып жатышат.

Ишкана азыр жабык. Анткени, жергиликтүү тургундар жумушчулардын 80 пайызын жакынкы эки айыл тургундарынан алууну талап кылышууда. Митингге чыккандар ишсиз калса, өкмөт жаңы жумуш орун таап бере албашын түшүнөт. Алар бийлик өзүнүн негизги милдетин аткарып, инвесторду коргоп беришин талап кылууда.

Тоо-кен тармагында иш алып барган ишкананын кызматкерлеринин айтымында, 5-6-октябрь күнү «Бозымчак» комбинатына жакынкы айылдын тургундары кирип келип, бүлүнтүп, басып алууга аракет кылышты.

Бул инвесторго кысым. Болгондо дагы бир топтун кызыкчылыгы үчүн кескин талаптар коюлууда.

Бул мыйзамсыз аракеттер мамлекеттүүлүккө дагы кооптонуу жаратат. Аймактык бөлүнүүгө бийлик инвесторлорду коргой албай калган учурда жол ачылат. Белгилей кетсек, инвестор бул эл аралык ишкана, бизнесмен эле эмес, кошуна облустун кулуну дагы болушу мүмкүн.

Мамлекет экологиялык келишимдердин аткарылышын, инвестордун салыктарды убагында төлөшүн жана башка иштерге көз салып турушу абзел. Негизи ири ишканалар милдеттемелерди толук аткарышат.

Бирок, биздин өлкөдө инвесторду кемчонтой катары көрүшөт. Ал келесоолугунан улам өлкөнүн булуң-бурчунан, кээде чет өлкөдө жумушчуларды алып келип иштетип баштагандай кабыл алышат. Эмнеге? Жакынкы айыл тургундарын эле иштебе бербейби? Себеби, ири ишканаларга ар кандай адистер, алар эмгек тартибин бекем сакташы зарыл.

Чыгымдардын өлчөмү өсүүдө

5-октябрда ишкана 1 миллиард 952 миллион чыгым тартты.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаевдин айтымында, тоо-кен ишканаларына карата 46 иш козголуп, анын 29у сотко чейинки териштирүү жүрүүдө.

Күнөөлүүлөрдү издеп жатышкандай болгону менен, Бишкек шаарында өткөн митинг иш жүзүндө баары башкача экендигин көрсөттү.

Бозымчактагы кырдаалга ондогон башка кендерде иш алып барган инвесторлор көз салууда. Алар үчүн кырдаалдын жыйынтыгы кызыктуу болууда. Анткени, эртең саясый балл топтоо аракетинде «инвесторду биздин эреже менен жашоого көндүрөбүз» деген ураандар менен активисттер Жерүй, Кумтөр, Жамгыр, Тереккан жана башка ишканаларга келет.

Кырдаалдын чечилишин компаниянын миңдеген кызматкерлери дагы күтүүдө. Алардын көпчүлүгүндө банктан алган карыздары бар. Алар күн сайын суроолорду жадырууда: эртең биздин кен иштетүүчү ишкана жабылып калбайбы? Башка жумуш издөөгө туура келбейби?

Мамлекеттик жоготуулар

Тоо-Кен тармагынын өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнө салымы 7 пайыздан 10 пайызга чейин, өндүрүштүк көлөмү — 50 пайыз, экспорт-40 пайыз. Бул деген ондогон миллиард сомдор жыл сайын пенсия, айлык акы катары төлөнүп, унаа жана энергетика тармагын колдоого багытталып, ошол эле аткаминерлерди каржылоого жумшалып жатканын билдирет.

Мисалы, Кумтөр кени жыл сайын (Жерүй менен бирге) ондогон тонна алтын өндүрүп аны мамлекеттик ишканага өткөрүп берет. Ал акча сомдун наркын колдоого бөлүнүүдө.

Кыргызстан тышкы рынокко аз товарды экспорттоп, көпчүлүгүн сатып алат.

Кен ишканаларынын толук кандуу иштешине бир ай бөгөт коюлса дагы биздин кирешелер алгылыктуу төмөндөйт. Сомдун наркы түшүп, азык-түлүк кымбаттап, башка товарларга дагы баа жогорулайт. Бирөөлөрдүн саясый оюуну ар бир жарандын чөнтөгүнө оорлук алып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар