Бир сутка ичинде 318 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында — 126, Ош шаарында — 4, Чүй облусу — 79, Ош облусу — 6, Талас облусу — 4, Нарын облусу — 12, Ысык-Көл облусу — 46, Жалал-Абад облусу — 25 жана Баткен облусу — 16 кишиден вирус табылды.
Бишкекте бирөө, Баткен жана Ош облусунуда коронавирус жуктуруп алган экиден бейтап көз жумду.
Март айынан бери 77 миң 674 киши коронавируска чалдыгып, 1 миң 312 көз жумду.