Бир суткада 379 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 120, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 98, Ош облусунда — 11, Талас облусу — 10, Нарын облусу — 7, Ысык-Көл облусу — 81, Жалал-Абад облусу — 29 жана Баткен облусу — 15 жаңы учур катталды.
Бишкек, Талас жана Ош облусутарында бирден бейтап вирустан көз жумду.
Март айынан бери 76 миң 391 киши вируска чалдыгып, 1 миң 306 адам каза тапты.