Бир суткада 322 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 83, Ош шаарында — 6, Чүй облусунда — 104, Ош облусунда — 25, Талас облусу — 7, Нарын облусу — 12, Ысык-Көл облусу — 41, Жалал-Абад облусу — 26 жана Баткен облусу — 18 жаңы учур катталды.
Бишкек менен Ош облусунда бирден бейтап вирустан көз жумду.
Март айынан бери 76 миң 12 киши вируска чалдыгып, 1 миң 303 адам каза тапты.