Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустун 486 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 143, Ош шаарында — 22, Чүй облусу — 137,
Ош облусу — 32, Талас облусу — 18, Нарын облусу — 7, Ысык-Көл облусу — 42, Жалал-Абад облусу — 49
жана Баткен облусу — 36 кишиден вирус аныкталды.
Коронавируска кабылгандардын саны 67 миң 469ду түздү.