Депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Эл өкүлдөру бул чечимин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан отурумунда кабыл алышты.
Талант Мамытовго өз добушун 100 депутат берди, бирөө каршы чыкты.
Эске салсак, Канат Исаев отставкага кетти, ал президенттик шайлоого катышмакчы.