COVID-19 илдетинен беш киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, эки бейтап Баткен облусунда, үчөө Бишкек шаарында көз жумду.
Учурда коронавирус жуктурган 2 миң 790 адам ооруканада, 2 миң 612 бейтап үйдөн дарыланууда.
Март айынан бери 53 миң 459 киши вирус жуктуруп, анын 1 миң 118 каза тапты.