06:48
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте жугуштуу оорулар ооруканасы аяктоодо

Бишкек шаарындагы эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Алардын маалыматында, 100 орунга эсептелген, объекттин курулушу 2020-жылдын июль айында башталган. Объекттерди каржылоо региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан жүргүзүлүп, 67,5 миллион сом каржыланды.

Азыркы мезгилде 4-блоктон турган объекттин курулушу бүткөрүү алдында турат. Подряддык уюм тарабынан төмөндөгү жумуштар бүткөрүлдү: имараттын чатыры жабылды, потолоктор жылууланды, полдор бетондолуп бүттү, ички дубалдар гипсокартон менен чапталып, жасалгалоо жумуштары бүткөрүлдү, эшиктер жана терезелер орнотулду, сырткы дубалдар профнастил менен чапталды, сырткы тепкичтердин тосмо дубалдарынын бетон жумуштары аягына чыкты.

Андан тышкары желдетүү каналдары, сигнализация тармагы, ичүүчү суу түтүктөрү, канализация түтүктөрү орнотулду жана электрмонтаждоо жумуштары бүткөрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар