Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.
Чыңгыз Айдарбеков өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн позициясы жөнүндө маалымат берип, тышкы дүйнө жаңылыктарга дыкат көңүл буруп, аны менен ар дайым байланышта болушканын, кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсызданууларын билдирип турушканын айтты.
Ал БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело, ошондой эле элчи, Евробиримдик өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен болгон жолугушуулары жөнүндө маалымат берди.
Эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн жасаган аракеттерин колдошорун, ошондой эле зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктерин айтты.
Президент Сооронбай Жээнбеков чет элдик өнөктөштөрдүн колдоосун ыраазычылык менен баса белгиледи.
Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө түзүлгөн татаал саясий кырдаалда бүткүл эл аралык коомчулукту ишенимдүү маалымат менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты.