«Шайлоо идеалдуу өтүп жатат дегенден алысмын», — деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов.
Аткаминерлердин шайлоо процессине кийлигишпөөсүн өкмөт башчысы дагы бир жолу эске салды.
«Жорук жана кылмыштар реестринде бир нече материалдар катталды. Баардык фактылар боюнча иликтөө жүрүп жатат. Кечээ Башкы прокуратура да маалымат берди. Дагы бир жолу эскертем: мыйзамга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине катышып, админресурстарды пайдаланууга тыюу салынат», — деди ал.
Кубатбек Бороновдун айтымында, Араван районундагы окуяны эске албаганда, үгүт иштери тынч өттү.