16:14
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Өзбекстан Тажикстандын Согди облусуна мектеп куруп берди

Өзбекстан өкмөтү Тажикстандын Согди облусуна караштуу Спитамен районундагы Навандарсой кыштагына 1,8 миллион долларга мектеп куруп берди.

10 жыл мурун түзүлгөн айылда миңден ашуун окуучу бар. Алар 11 чакырым аралыкты жөө басып, коңшу айылда окуп келишкен.

Жаңы мектепте 28 класс жана жыйын өткөрүүчү залы бар.

Навандарсой айылынын турундарынын көбү тажик жана өзбек тилинде сүйлөшөт. Мындан улам жаңы мектептин 50 мугалими балдарга эки тилде сабак өтөт.

Спитамен райондук администрациясы билдиргендей, ата-энелердин өтүнүчү менен окуучулардын үчтөн бир бөлүгү өзбек, калганы тажик тилинде окуйт.

Узак убакыт бою Тажикстан менен Өзбекстандын мамилеси салкын болгон. Эки өлкө аба, автобус каттамдарын токтотуп, темир жолдордун бир бөлүгүн бузуп, виза режимин киргизген. Бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден бери Өзбекстан менен Тажикстандын ымаласы жакшыра баштаган. Өткөн жылдары эки өлкө стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюп, визасыз режим киргизип, биргеликте ири долбоорлорду жүзөгө ашыра баштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар