22:55
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Сургутта абактан качкан тажикстандык кармалды

Орусиянын Сургут шаарында жергиликтүү түзөтүү абагынан качып кеткен 23 жаштагы тажикстандык кармалды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аты-жөнү айтылбаган тажик жараны абактын карантиндик бөлүмүнүн чатырындагы темир тосмону ийип, качып кеткен.

Түзөтүү мекемесинен билдиришкендей, Тажикстандын жараны эки жума мурда талап-тоноочулук айыбы менен бир жылга соттолгон. Ал күн мурун жергиликтүү «Аскания» базарында колго түшкөн.

Тажикстандыкка каршы абактан качуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул берене боюнча ал төрт жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Өткөн жумада Дагестандын Шамхал айылында жайгашкан түзөтүү абагынан 10 жылдан 14 жылга чейин соттолгон 6 киши качып кеткен. Төртөө маңзат, экөө киши өлтүрүү айыбы менен соттолгон качкындардын арасында баңгизат үчүн кармалган тажикстандык Шамил Бойматов жана Махмадрасул Машрабов да болгон. Алар түрмөдөн качуу үчүн бир жыл бою өтмөк казып, ошол аркылуу качып чыгышкан.

Орусиянын түзөтүү абактарында Тажикстандын 7 миңден ашык жараны бар.

Эң көп окулган жаңылыктар