Кытай Кыргызстан менен чек арасын убактылуу жабат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Алардын маалыматында, Кытай тараптын демилгеси «Торугарт унаа жолу» жана «Эркеч-Там унаа жолу» өткөрмө бекеттери 1-4-октябрь күндөрү иштебейт.
Бул күндөрү Кытайда күн жана Күз ортосу майрамдары өтөт.
Маалыматка ылайык, аталган эки көзөмөл өткөрмө бекети 5-октябрдан тарта иштей баштайт.