03:00
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Нарындагы жаңы жугуштуу оорукананын курулуш иштери 44 пайызга даяр болду

Бүгүнкү күндө объект боюнча 100 пайызга пайдубалдын чуңкурлары казуу жана шагыл-кум аралаш топурак менен түздөп, таптоо жумуштары, гидроизоляциялоо иштери менен от жагуучу бөлмөнүн темир-бетон жабууларын орнотуусу бүткөн. Бул тууралуу республикалык штаб билдирет.

Учурда, фермаларды жана имараттын темир тирөөчтөрүн орнотуу иштери, пеноблок менен дубалдарды тургузуу жана полду бетондоо жумуштары аткарылууда. 

Бардыгы болуп 76 жумуш жана 7 керектүү атайын автомобиль техникасы тартылган.

Белгилесек, жалпы айнты 2019 чарчы метр, 70 орунга эсептелген оорукананын курулушуна «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун» тарабынан 36 млн сом каржыланды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума