03:29
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Соль-Илецкиде калган кыргызстандыктар мекенине кайтууну күтүп жатышат

Тышкы иштер министрлиги транзиттик жолду ачып берүү жөнүндө кезектеги өтүнүчүн Казакстан бийлигине жолдоду. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти билдирет.

Учурда Оренбург облусунун Соль-Илецк аймагында орусия-казакстан чек арасы аркылуу мекенине кайткысы келген кыргызстандыктар чогулганы маалым болду. Казак тарап транзит жолун ачуу тууралуу жообун бере элек.

«2020-жылдын 16-сентябрына карата Соль-Илецкиде топтолгон жарандардан тышкары, Башкортостан аймагында, Оренбург облусунун чек арасында да кыргызстандыктар бар. Казакстан транзиттик чек арасын ачаар замат, кыргызстандыктар үчүн «Сагарчын» пункту да ачылат», — деп билдиришет ТИМ өкүлдөрү.

Кыргызстандын Уфадагы консулдугу жана Оренбург облусундагы кыргыз диаспораларынын жигерчилери республика бийлиги менен макулдашып, мекендештерибизге убактылуу жашоо үчүн чатырларды тигип бермекчи. Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги транзиттик чек араны ачууну талап кылып жаткан жарандардын тизмесин түзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума