18:15
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Кытай менен Кыргызстан тышкы карызын талкуулоону улантууда

Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Бишкектеги жолугушуу учурунда айтылды.

Ван И учурда Бишкекте иш сапары менен жүрөт. Ал Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирип, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин жолдогон саламын айтты.

Ал ошондой эле Си Цзиньпиндин билдирүүсүн окуп берди. Анда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер коронавирус инфекциясы пандемиясынан улам келип чыккан сыноолорго туруштук бергендиги, эми азыр пандемиядан кийин кызматташтыкты, анын ичинде «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында да бекемдөөгө көңүл буруу керектиги жөнүндө белгиленет.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле өз ара тилектештикти жана учурдагы түзүлгөн кырдаалда бири-бирин колдоону улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болуп өттү.

Мамлекет башчысы КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге салам жолдоп, гуманитардык жардам көрсөткөнү, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн медициналык эксперттерди жибергендиги үчүн Кытайга ыраазычылык билдирди.

Коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизгенин эске алуу менен, Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. 

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар өлкөлөр Кыргызстанга карызын төлөө мөөнөтүн узартууга макулдук беришкен. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума