02:26
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзбекстанда эки жигитти сабап койгон кызга козголгон кылмыш иши токтотулду

Наманган облусунун Нарын районунунда эки жигитти сабап койгон Гүлсанам Алижанованын кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Гүлсанам Алижанова жигиттер арызын алганын же бул райондук милиция бөлүмүнүн демилгеси менен ишке ашканын так билбейт.

Гүлсанам Алижанова 25-июнда көчөдө 30 жана 33 жаштагы эки жигитти сабап койгон. Кызга карата «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул беренеде 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кийинчерээк кыз көчөдө чолок шымчан турганын, автоунаа менен бараткан жигиттер аны шылдыңдап сөгүшкөнүн, ал такси менен аларды кууп жетип, жазасын бергенин билдирген.

Гүлсанам 23 жашта, ал Наманган мамлекеттик университетинде окуйт. Кыз бокс, каратэ жана таэквондо менен машыгат. Жергиликтүү басылмалар Алижанова Өзбекстан биринчилигин алып жүргөнүн, жазында Түркиядагы эл аралык мелдешке катышканын жазышты.

Соңку мезгилде ал Нарын районундагы кайрымдуулук борборлорунун бирине жардам берүүдө. Гүлсанам муктаж үй-бүлөлөрдүн кайрылууларын кабыл алып, азык-түлүк жеткирип берип турат

Эң көп окулган жаңылыктар