23:50
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Ысык-Көлдө 17 жашар өспүрүм сууга чөгүп кетти

Ысык-Көл районунда эс алып жаткан 17 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 1-сентябрь күнү Бостери айылында жайгашкан «Талисман» пансионатында 2003-жылы туулган бала көлгө чөгүп кетти.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын № 31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар