Базар-Коргондо эки өспүрүм кыз дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, Аук айылынын тургундары 16 жаштагы Нурзада жана 15 жаштагы Нурзия Сабырбековалар 18-июлда Кочкор-Ата шаарынан үйгө барабыз деп айтып чыгышкан, бирок алар кайтып келишкен эмес.
Туугандары жана милиция кызматкерлери элден жардам сурашууда.
Нурзаданын бою: 140-
Нурзиянын белгилери: бою 160-
Кыздарды көргөн, билгендер болсо 0373450544, 0553780078, 0500140006, 0770140006 номерлери аркылуу милиция кызматкерлерине кабарлап коюуну суранат.