12:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Дастанбек Жумабеков 20 ыктыярчыга эс алуу жолдомосун тапшырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков коронавирус күч алып жаткан учурда кыргызстандыктарга активдүү жардам берип жаткан Демилгелүү жаштар борборунун ыктыярчылары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга ыктыярчылар Эламан Нурдинов менен София-Айдана Мурзаева катышкандыгы аныкталды.

«Мамлекет үчүн ушундай оор мезгилде кайраттуулукту, тилектештикти, өз ара жардам жана колдоо көрсөттүңүздөр. Сиздер биздин жарандар үчүн, алардын өмүрүнүн ар бир мүнөтү үчүн баатырлык менен күрөшүп жатасыздар», — деди Дастанбек Жумабеков.

Спикер кошумчалагандай, ыктыярчылар талыкпай эмгектенип жаткандыктан, физикалык жактан гана эмес, психологиялык жактан дагы жабыркашат, андыкан алар күчтөрүн калыбына келтирүү иретинде 20 ыктыярчыга Ысык-Көлдөгү Жогорку Кеңешин «Алтын-Көл» пансионатына жолдомо тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар