16:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбековдун кызы дарыгерлерге жардам көрсөтүүдө

Кыргызстандын президентинин кызы Бактыгүл Жээнбекова ооруканалардагы коронавирус илдетине каршы күрөшүп жаткан медициналык кызматкерлерге азык-түлүк жана башка жардам көрсөтүп жатат. Бул тууралуу сүрөт социалдык тармактарда жарыяланды.

Бактыгүл Жээнбекова кайсы медициналык мекемелерге барганы жана качан жардам бергени айтылган эмес. Социалдык тармактарда өлкө башчынын кызын ушундай кыйын кырдаалда ыктыярчылардын катарына кошулуп, саламаттыкты сактоо системасына жардам бергендиги үчүн мактоого алышты.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбековдун бир уул, бир кызы бар. Бактыгүл Жээнбекова Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулуна турмушка чыккан. Иман Бишкектеги мектептердин биринде 5-класста окуйт.

Эң көп окулган жаңылыктар