13:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Украиналыктар президентти катышкан тасмаларды көрө алышпайт

Украинанын Кино боюнча мамлекеттик агенттиги 2019-жылы беш фильмди көрсөтүүгө жана жайылтууга тыюу салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, көрсөтүүгө тыюу салынгандардын ичиндеги эки тасма орусиялык тасма.

Бул тизмеде «Сегиз алгачкы жолугушуу» (Восемь первых свиданий) тасмасы бар, башкы ролду Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский ойногон. Албетте, андагы маселе Зеленскийдин роль жаратканы эмес. Фильмди орус-украин кино чеберлери биргелешип тарткан, тасмага Екатерина Варнава да катышкан. Актриса аннексияланган Крым боюнча айткан сөзүнөн кийин Украинанын Коопсуздук кызматы аны улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан кишилердин тизмесине киргизген.

Мындан тышкары, көрсөтүүгө тыюу салынгандардын катарына америкалык актер Стивен Сигалдын катышуусундагы «Мачете», Жерар Депардьенин катышуусундагы «Тимпельбахтык ашынган тентектер» (Сорванцы из Тимпельбаха) тасмалары бар. Бул актерлор дагы Украинанын коопсуздугуна коркунуч жараткан адамдардын тизмесине кирген.

2017-жылы Кино боюнча мамлекеттик агенттик Украина аймагында Владимир Зеленский катышкан «Кудалар» тасмасын да көрсөтүүгө тыюу салган. Бул чечимге сериалга Украина Маданият министрлигинин «кара тизмесиндеги» орусиялык актер Федор Добронравовдун тартылганы себеп болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар