Жалал-Абад облусунун Аксы районунда каналга түшүп кеткен 12 жаштагы баланы издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.
Анын айтымында, 21-июлда болжол менен саат 17:00дө Кум айылынын 2008-жылы туулган тургуну Чоң-Наманган каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
«Издөө ишерине кечээ ӨКМдин 11 куткаруучусу жана 15 жергиликтүү тургундар тартылган. Бала табыла элек. Бүгүн дагы издөө иштери улантылат», — деп берилет маалыматта.