Россиядагы кыргызстандыктар Бишкек шаарынын мэриясына 524 рубль өлчөмүндөгү дары-дармек жөнөтүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, каражат «Табарман» коому жана «Садовод» соода борбору тарабынан сатылып алынган. Бардык уюштуруу маселелери, материалдык-техникалык жана транспорттук чыгымдар Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан каралган.
Мындан сырткары, Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинен 100 таңгак «Клексан», 100 таңгак «Гепарин», 100 каннула жана бир жолу колдонула турган шприцтер мэрияга өткөрүлүп берилди.
«Жардам шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын талабы боюнча шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын отурумунда бөлүштүрүлөт», — деп кошумчалады мэрия.