15:26
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC турниринин беттешинде жеңишке ээ болду

«UFC» турниринин кезектеги беттеши 19-июлда Абу-Даби шаарында болуп өттү. Кыргызстандан мушкер Рафаэль Физиев катышып, жеңишке татыды. Бул тууралуу Рафаэль Физиев өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу маалымдады.

Маалыматка ылайык, спортчу бразилиялык Марк Диакисе менен күч сынашкан. Беттеш Кыргызстандык мушкердин жеңиши менен аяктап, бул турнирдеги «Мыкты беттеш» деп табылды. Ошондой эле эки мушкер тең UFC уюмунан кошумча 50 миң доллар ала турганы маалым болду.



Эске сала кетсек, Физиев 2-раундда «Матрица» тасмасындагы Неонун ыкмасын колдонгон. Бул ыкманы кыргызстандык спортчу 2017-жылы Тайланддагы кикбоксинг боюнча турнирде көрсөтүп, дүйнөгө таанылган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар