08:35
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ысырык, ичимдик, грипп... COVID боюнча таркаган 13 караандай калп маалымат

- Пандемия башталгандан тартып эл арасында ар кандай айың-кептер, ага каршы колдонулуучу жаңыча ыкмалар боюнча такталбаган маалыматтар жарыяланып келет.  Дарыгерлер дүрбөлөңгө түшпөөгө жана өз алдынча дарыланбоого чакырат. Бирок, социалдык тармактарда коронавирус илдетине каршы ар кандай рецепттерди колдонуу сунушталып, жалган маалыматтардын аягы суюлбай жатат.

24.kg агенттиги коронавирус илдети боюнча кеңири тараган 12 фейк маалыматка Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу, медицина илимдеринин доктору Аида Зурдиновадан жооп алды.

1
Үйдү арча менен ысырыктаса коронавирус жукпайбы? 

- Бул жөн гана ишеним, бул элдик ыкма медицинада тастыкталган эмес. Чындыгында анын курамында эфир майы бар, бирок аны өрттөп салганда ал кошо күйүп кетет.

2
Коронавируска караганда грипп кооптуу. Көп адамдар грипптен улам каза болуп жатышат деген маалымат канчалык деңгээлде чындыкка дал келет? 

- Грипп жана COVID-19 экөө тең өтүшүп кетсе кооптуу. Коронавирус инфекциясынын өтүшүп кеткендиктен пневмония илдетине чалдыккандардын саны өсүп бара жатат. Өлүмдүн себептерин бир гана патология-анатомиялык негизде аныктоого болот.

Коронавирус илдетинен каза болгондордун эң негизги себеби - каны коюлуп, уюп калат. Муну грипптен дагы байкоого болот. Андыктан коронавирустан же грипптен каза болуп жатышат деп бир жактуу жооп берүү кыйын. Ар бир бейтап абалы боюнча өзүнчө айтылат. 

Бирок, учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан күн сайын айтылган маалыматтар так. Анда каза болгондордон вирус аныкталганы белгиленет. 

к3
Коронавирустан ичимдик менен сактанууга болобу? 

- Эл аралык адистердин пикиринде,  күнүнө 20-30 грамм арак же вино ичүү адам баласынын организмине зыянын тийгизбейт.

Күндүн ысыгында спирт ичимдиги канды коюлтат, анүстүнө ал иммунитетти түшүрүп, айрым ооруларды күчөтүшү мүмкүн. Аны менен вируска ыңгайлуу шарт түзүлөт. 

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай тамеки чегүү пневмония жана коронавирус оорусун күчөтөт. Ал эми никотинден улам организмдеги кычкылтектин басымы төмөндөйт.

4
Коронавирус бир жолу жуктурган адам кайра аны менен оорубайбы? 

-  Негизи вирустук инфекциялардан айыккандарда иммунитет, денеде антителолор пайда болот. Коронавирусту айрымдар жеңил, кээ бирөөлөр оор көтөрүшөт.  

Белгилей кетүүчү жагдай вирустук оорулар сезондуу болушат. Бул жаңы илдет болгондуктан, бейтаптарда антителолор иштелип чыгып, кийинки жылы дагы өзүн ушул оорудан коргойт деп айтууга али эрте.

Буга чейин Кытай дарыгерлери вирусту кайра жуктуруп алган учурлар боюнча айтып чыгышкан. 

5
COVID-19 вирусу ысык климаттуу аймактарда таркай албайбы?  

- Бул чындыкка дал келбейт. Пандемия кышында башталган кезде күн ысыганда басаңдайт деген божомолдор айтылган.  Бирок бул вирус азыр өтө ысык өлкөлөрдө дагы күч алып жатат. Мисалы, ошол эле Бразилияда илдетке чалдыккандар дагы көз жумгандар дагы көп катталды. Кандай учур болбосун эпидемиологор менен вирусологдор изилдеши керек. 

Мисалы, тескеринче Антарктидада коронавирустун таралышы боюнча маалымат жок. Бирок ал жакта калктын жыштыгы дагы байкалбайт. 

6
Коронавирус жаныбарлар жана алардын эти аркылуу дагы жугабы?

- Бүгүнкү күндө жаныбарлар коронавирустун алып жүрүүчүсү катары эч кандай далил жок. Вирусту таратуучулардын сап башында так ушул адамдар турат.

Коронавирус адамдардын бири-бири менен болгон байланыш учурунда жугат. 

7
Инфекциянын алдын алуу үчүн масканы сарымсак менен сүртүп, мурдумду туздуу суу менен чайкап турсам болобу?

- Сарымсакта эфир майы бар. Андыктан сарымсак ден-соолукка зыян алып келбейт. Алдын алуу үчүн туздуу сууну колдонуу да пайдалуу. Бирок бул илдеттен арылтуучу чаралар эмес. Алар гигиеналык максаттарда колдонулушу мүмкүн.

8
Коронавируска улгайган адамдар гана чалдыгышат деген чынбы?

- Жок, бул туура эмес. Бул вирус менен жаштар дагы ооруп жатышкандарын көрүп жатабыз. Улгайган адамдардын организми вируска каршылык көрсөтө алышпайт. Андыктан алар азыр коргоого муктаж.

Алардын тобуна онкологиялык оорулар менен жабыркаган дагы кирет, алардын баары улгайгандар гана эмес да.
Жаштарда тобокелдик факторунун бири бул — семирүү.

Менин божомолум боюнча, жаштар ооруга чалдыкканда ден-соолугуна кайдыгер карап, баары өтүп кетет деп ойлошот. Анүстүнө өз алдынча дарыланууга өтөт. Ошондой эле жаштар суунун тең салмактуулугун сактабай, кургак тамакты көп жешет.

9
COVID-19 вирусун дарылоочу дары барбы?

-  Азыр андай дары жок. Эксперимент катары айрым дары-дармектер Кытайда, Россияда жана АКШда колдонулуп жатат, бирок алар түздөн-түз коронавирустан айыктырбайт.

Биз COVID-19 вирусун көрсөтмөлөрдөн тышкары дарылай албайбыз. Дарыгерлер көрсөтмөлөргө ылайык гана дарылашы керек.

10
Ультрафиолет лампалары абаны тазалап, вирусту өлтүрөт деген чынбы?

- Кварц жана ультрафиолет лампалары вирусту өлтүрүүгө жардам берет деген стереотип совет доорунан бери сакталып келген. Буга эч кандай далилдер жок. Терезелери жок жабык бөлмөлөрдө, балким, бул ыкмалар кандайдыр бир натыйжа берет. Бирок эң натыйжалуу ыкма — бөлмөнү желдетүү.
Ооруканаларда орнотулган түтүктүн тутуму болушу керек. Бирок абал көрсөткөндөй, ооруканалар буга такыр даяр эмес.

11
 Бет капты узак убакытка кийүү ден-соолукка зыян тийгизиши мүмкүнбү? 

-  Бет капты эки саат сайын алмаштыруу абзел. Бул убакыт аралыгында ал өзүнө чаңдарды чогултуп алат. Чүпүрөк бет каптардын дагы эки-үч саат сайын алмаштыруу керек. Аларды баштыкка салып, жууп, кургатып, үтүктөп кайрадан тагынууга болот. 

12
Социалдык тармактарда спирт же антисептикти бет каптын ичине сээп тазалоо керек деген маалымат тарады. Бул натыйжалуубу?

- Мунун эч кандай натыйжалуугу жок. Бир жолу колдонгон масканы жууп, кайрадан кийсе болот деген дагы пикирлер бар. Муну жасоо мүмкүн эмес, анткени бир жолу колдонулган масканын тешикчелери ачылып, вирусту өткөрүп калат. Масканы кийип, чечип салуудан мурун, колуңузга антисептик чачыңыз.

13
Шаарларга түнү белгисиз заттарды чачып, вирусту жуктуруп жатышат дейт. Бул чынбы? 

-  Жок, бул калп. ӨКМ кызматкерлери өлкө боюнча дезинфекциялоо ишин жүргүзүүдө. Түнү көчөлөр бош жана эл жок учурда тазалап жатышат. Мамлекеттик органдар элдин саламаттыгынын жакшырышына кызыкдар.

Эң көп окулган жаңылыктар