09:31
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Ошто дарыканалардагы вируска каршы дарылардын бааларына текшерүү жүргүзүлдү

Оштогу дарыканаларда вируска каршы дарылардын баалары текшерилди. Бул тууралуу түштүк калаанын мэриясынан кабарлашты.

Анын айтымында, фармацевттер менен дарыкана кызматкерлерине дары-дармектерге, айрыкча вируска каршы каражаттардын бааларынын көтөрүлүшүн алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

«Белигилей кетчү нерсе, Ош шаарында вируска каршы дарылардын баалары дарыканаларда ар башка. Бирок, ири дарыкана тармактарынын кызматкерлери Ош шаарында буга чейин алынып келген дары-дармектердин 50-60 пайызы гана кабыл алынып жаткандыгын билдирди. Бул чет өлкөдөн келген дары-дармектердин агымынын азайышына жана Бишкектеги кампаларда антивирустук препараттарга болгон суроо-талаптын күч болушуна байланыштуу болушу мүмкүн», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар