Өлкө бонча бүгүнкү күндө 178 мобилдик топ иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, 178 мобилдик топтун 40ы Бишкекте, Чүй облусунда 32, Ошто 3, Ош облусунда 31, Жалал-Абадда 34, Баткенде 9, Нарында 12, Ысык-Көл 8 жана Таласта 9.
Мэрия белгилегендей, мобилдик топ жарандардын ден-соолугун көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн.
Ошондой эле жарандар коронавирус илдетинин диагнозун дарыгерлердин кеңеши аркылуу аныктоосу үчүн 6-апрелден тартып 118 кыска номуру иштеп баштаган.
Коронавирус инфекциясы анкталган жайга мобилдик топ ыкчам түрдө бейтаптын үйүнө барып экспресс-стрининг жасашат. Барды кызматтар акысыз жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 8 миң 847ге жетти.

